Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:
– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго;
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;
– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;
– билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;
– Президенттик администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;
– Президенттик администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбековго сөгүш берилди.