Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтында маданият министрине сөгүш жарыялады

Бүгүн, 7-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын желегин Токиодогу Олимпиада оюндарында желбиретип келген спортчулар күйөрмандар менен жолукту. Аларды куттуктоо үчүн президент Садыр Жапаров да келди.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып берди. Министрге иш-чараны уюштуруудагы кемчилиги үчүн өлкө башчы сөгүш жарыялады.

«Урматтуу катышуучулар! Урматтуу, кыргызстандыктар! Өкмөттүн аппаратынын уюштуруучуларынын анча-мынча кемчилиги кетип калат. Мен өзүм да байкабай калыптырмын. Эки медаль алган спортчуга сөз берилбей калганын. Ошол үчүн чакырып туруп, үчүнчүсүнө да сөз бердирдим. Мына сиздердин алдыңыздарда министрге сөгүш жарыялап кетейин»,- деди өлкө башчы.