Садыр Жапаров Алайга көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолукту (сүрөт)

«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысына өлкөнүн өкмөтү Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп бергендиги маалымдалды. Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга  17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө  жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилген.

Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган афгандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи. Ал бул маселени иштеп чыгууну быйыл баштоо керектигин кошумчалады.

Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Садыр Жапаров калган афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар. Анын белгилешинче, 2017-жылы көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар көнүшө албай кыйынчылык тартып жатышат жана өкмөттөн дайыма жардам суроого аргасыз болушууда. «Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот, биз аларга жардам беребиз жана жер которгон адамдарды жылуулук, электр энергиясы жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууга каражат бөлөбүз», — деди ал.