Садыр Жапаров аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлады.
Садыр Жапаров белгилегендей, ата-баба салтын улай бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда эң күчтүү жана татыктуу күлүктөр 32 чакырым аралыкты басып өтүп, марага жетишти. Мамлекет башчысы «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын ортосундагы көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин Кубогунун финалдык беттешине күбө болду.