Садыр Жапаров: «Алтын түйүн» академиясынын филиалдарын бардык аймактарга ачуу керек»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынан кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Аталган мекеменин короосунда академиянын окуучулары мамлекет башчысына дронду башкаруу ыкмаларын, чыгыш күрөш оюндарын, өздөрү кураган мини-тракторду көрсөтүштү. «Созвездие» клубунун тарбиялануучулары Садыр Жапаровду планетарийге кирип, «иллюстративдик асманды» көрүүгө чакырышты. Президент робот техникасы, информатика, көркөм сүрөт, 3D моделдөө, астрономия сабактарынын бөлмөлөрү менен таанышты. Окуучулар мамлекет башчысын өздөрү кураган роботтордун ар кандай моделдери, роботтоштурулган техника, моделдөө жана программалоо долбоорлору менен тааныштырып, чыгармачылык жетишкендиктери жана келечекке карай пландары жөнүндө айтып беришти.

Садыр Жапаров «Алтын түйүн» академиясынын келе жаткан 60 жылдык мааракеси менен баарын куттуктап, билим берүү мекемесинин бюджети эки эсе көбөйтүлөрүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарын өлкөнүн облус борборлоруна ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

«Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы 1961-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө бул маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаштардын STEM билим берүү жана илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү менен алектенген бирден-бир адистештирилген мектептен тышкаркы мекеме.