Садыр Жапаров Антониу Гутерришке комуз белек кылды

Президент Садыр Жапаров жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды. Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти. Андан соң Садыр Жапаров терең урматтоо иретинде БУУнун башкы катчысына эстеликке белегин, улуттук аспап — комузду тартуу кылды.