Садыр Жапаров Астанага барды (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Борбор Азия — Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды.

Кечээ, 16-июнда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип Садыр Жапаров 17-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча «Борбор Азия — Кытай» экинчи саммитинин ишине катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен бара турганын билдирген.

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасынын катышуусу күтүлөт. Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт.