Президент Садыр Жапаров аялзатын куттуктоого аялы менен келди. Сүрөт

Бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров өлкөнүн аймактарынан келген айымдар менен жолугушту. «Алар ар кайсы кесиптин ээлери»,- деп билдирди басма сөз кызматы. Жолугушуу Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында уюштурулган.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыкканын белгиледи.

Садыр Жапаров азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымын кошуп келе жатканына токтолду.

«Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. «Манас» эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан»,— деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.

Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту. Президент Садыр Жапаров аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.