Садыр Жапаров Барселона легендалары менен беттешет

Барселона легендалары менен Орто Азия футбол ардагерлери Бишкекте беттешет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:00дө «Барселона» футболдук клубунун ардагерлери менен Орто Азиянын футбол ардагерлеринин ортосунда беттеш өтөт.

Барселона футболдук командасында белгилүү футболчулар Роналдиньо, Ривалдо, Карлес Пуйоль жана башка атактуу футболчулар бар.

Орто Азия командасынын курамында мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров да ойнойт.