Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Буга чейин Садыр Жапаров «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт» деген. Бул соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар «бутуна туруп кетсин» деген саясат болчу. Азыр эми «Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген» соодагерлердин соодасы 50дөн 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз», — деп жазды ал.