Садыр Жапаров бир катар өлкө элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11 -августта өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет өлкөлүк атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ишеним грамоталарын Вьетнам элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань, Египет Араб Республикасынын элчиси Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави, Шри Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын элчиси Мохан Вижевикрама, Бразилия элчиси Рубем Антонио Корреа Барбоза, Австрия элчиси Вилли Кемпель, Исландия элчиси Аурни Тор Сигурдссон, Камбоджа королдугунун элчиси Ким Хенг Меас жана Уганда Республикасынын элчиси Мухаммад Тезикуба Кисамбира тапшырышкан.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө элчилерди дайындалышы менен куттуктап, алардын жигердүү жана максаттуу алып бара турган иштери Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди дагы да бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Ал бүгүнкү азем маанилүү окуянын босогосунда — Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи.

Президент бул кыска убакыттын ичинде Кыргыз Республикасы өзүн тынчтыкты сүйгөн, жоопкерчиликтүү жана активдүү эл аралык коомчулуктун мүчөсү катары көрсөтүп, дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлеп турганын баса белгилеп өттү.

Өз кезегинде элчилер өлкөлөр ортосундагы достук алакаларды жана көп кырдуу кызматташууну чыңдоодо жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.