Садыр Жапаров Бишкектеги мечитке барып, ооз ачар өткөрдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте намаз окуп, чогулгандардын баарына ооз ачар өткөрдү.

Мамлекет башчысы мечитке келгендерди Орозо айы менен куттуктап, руханий жактан бекемдикти жана бардык жакшылыктардын кабыл болушун каалап, биримдиктин, боорукердиктин жана өз ара жардамдашуунун маанисин баса белгиледи. “Кудай баарыбыздын тилегибизди кабыл кылсын, калкыбыздын баардыгынын көкүрөгүнө ыйман толтурсун. Элибиздин ырыскысын мол кылсын. Мамлекетибизде тынчтык болсун”, — деди өлкө башчысы.