Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.