Садыр Жапаров бүгүн Нарынга барып, майрамдык иш-чарага катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунда Ормон Хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Семиз-Бел айылында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү, Ормон Хандын эстелигин ачуу жана башка маданий-массалык иш-чаралар болот. Майрамдык иш-чаралардын башталышы 10:45те»,- деп жазды ал.