Садыр Жапаров чек ара жаңжалында каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты.

«Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандар боюнча
30-апрель саат 7:50гө карата тараткан маалыматы боюнча, 134 киши жабыркады, анын ичинен 13 адам каза тапты.