Садыр Жапаров Чикагодогу кыргыз диаспорасына 2 боз үй белек кылды

30-августта Чикагодо кыргыздын эки хан боз үйүн «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Садыр Жапаров тарабынан белекке берилген. Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлору, активисттери жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.