Садыр Жапаров эл аралык форумга катышты (видео)

Президент Садыр Жапаров «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумуна катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө соңку жылдары климаттын өзгөрүүсү көйгөйү байма-бай, анын ичинде БУУнун жогорку трибунасында жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын жыл сайын өтүүчү саммиттеринде көтөрүлүп жатканын баса белгиледи.