Садыр Жапаров эл аралык олимпиадаларда жана дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген жаштар менен жолукту

Президент Садыр Жапаров STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген жаштар менен жолугушту.

Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары мамлекет кайсы гана тармакка болбосун, анын ичинде өлкө байрагын чет жерде желбиретүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын айтты. Ал баса белгилегендей, мындай камкордукка жараша мекенчил жаштар күтүлгөн натыйжаларды жаратууда.

Мамлекет башчысы 2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө жыл болгонуна токтолду. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мектеп окуучулар илим, технология, инженерия жана математика багытындагы эл аралык олимпиадаларда математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча медалдарды жеңип, ийгиликтерди жаратууга жетишти. Бул жетишкендиктер – окуучуларыбыздын, мугалимдерибиздин чаалыкпаган мээнетинин, үзүрлүү эмгегинин натыйжасы, билим берүү системасынын туура жолдо бараткандыгынын далили болду.Президент жеңишке жеткен окуучулар келечекте Кыргызстандын экономикасын жана илимий-изилдөө потенциалын өстүрүүгө чоң салым кошот, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров чогулгандардын көңүлүн азыркы тапта өлкөбүздүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө басым жасалып жатканына буруп, энергетика, айыл чарба, экономика жана башка тармактарда билимдүү жаштарга муктаждыктар бар экенин белгиледи.

STEM предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда медалдарга ээ болгон окуучуларга жана алардын мугалимдерине, Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы  дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортчулар жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттар тапшырылды:

Окуучулар:

1.      Назар Киргизбаевге —  300 000 сом;

2.      Ян Бобруска – 200 000 сом;

3.      Эльдар Искандеровго — 200 000 сом;

4.      Искен Кенжебаевге — 200 000 сом;

5.      Алихан Айдарбековго — 200 000 сом;

6.      Байтөрө Майрамбековго – 100 000 сом;

7.      Бектур Бараталиге — 100 000 сом;

8.      Иван Решетниковго —  100 000 сом;

9.      Дмитрий Рубанга — 100 000 сом;

10.    Нурсултан Увалиевге — 100 000 сом;

11.    Байзак Карыпжановго — 100 000 сом.

Мугалимдер:

1.      Махамадхан Ишматовго —  300 000 сом;

2.      Азамат Аскаровго — 200 000 сом;

3.      Медербек Осмоновго — 200 000 сом;

4.      Кылычбек Урайымовго — 200 000 сом;

5.      Дүйшөн Сатыбалдыевге — 100 000 сом;

6.      Азамат Исламбековго — 100 000 сом;

7.      Асхатбек Темиркуловго — 100 000 сом;

8.      Эльбрус Тажибаевге — 100 000 сом.

Спортчулар:

1.      Асан Жанышовго — 600 000 сом;

2.      Самаган Ормоновго — 200 000 сом;

Машыктыруучулар:

1.      Рыскулбек Эгеевге — 150 000 сом;

2.      Шадыбек Сулаймановго — 100 000 сом;

3.      Ташболот уулу Нуржигитке — 100 000 сом.