«Эмдөөдөн өтпөй чоң зыян келтирип жатасыздар». Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстандыктарга кайрылды.

Анын айтымында, коронавируска чалдыккан бир жаранды дарылоого миң долларга чейин каражат кетип жатат.

«Урматтуу кыргызстандыктар! КОВИД-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз.
Акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат. Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар!«,- деп жазды ал.