Эне жана баланы коргоо борборунда Перинаталдык борбор ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-январда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы Перинаталдык борбордун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Борбордун курулушу Министрлер кабинетинин жана тиешелүү министрликтин Германия өнүктүрүү банкы менен “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасы болуп саналат. Президент өз сөзүндө Германиянын элчилигине жана Германия өнүктүрүү банкына тыгыз кызматташтыгы жана тынымсыз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Перинаталдык борбор сапаттуу дарылоо жайы гана болбостон, республиканын бардык аймактарындагы медицина кызматкерлеринин билимин арттырууга мүмкүнчүлүк берген борбор болоруна ишенимин билдирди. “Өлкөбүздүн башкы байлыгы — эл экенин эске алганыбызда, жаңы төрөлгөн ар бир баланын, ар бир кош бойлуу аялдын ден соолугуна ар тараптан көңүл буруу – биздин негизги милдетибиз”, — деди президент.

Сөзүнүн аягында өлкө башчысы Перинаталдык борбор балдардын өлүмүн азайтуу менен энелердин жана балдардын ден соолугуна кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калаарына үмүт артты.