«Бешинчиге 600 миң, жетинчиге 1 миллион». Садыр Жапаров энелерге финансылык төлөмдөр качан берилерин айтты

2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда билдирди.

«Бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы үй-бүлөлөргө мамлекет ар бир төртүнчү балага — 100 миң сом, бешинчи балага — 600 миң сом, жетинчиге — 1 миллион сом, сегизинчиге — 1 миллион 200 миң сом, тогузунчу балага — 1,5 миллион сом, онунчу балага — 2 миллион сом берет. Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргыз Республикасынын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелет», — деди өлкө башчысы.