Садыр Жапаров кызматка эртең менен келип, түштө кеткен мэрдин милдетин аткаруучу тууралуу: «Ал мага адвокат аялды тоголото урганын айткан эмес»

Репутациясы бузулган адам мамлекеттик кызматка барбашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев менен жолугуп, сүйлөшкөн.

«Мэрдин милдетин аткаруучу мага келген. “Мен кызматка бара жатам” дегенинен кабыл алып, сүйлөштүм. Жакшы идеялары бар бала экен. Максаттарын, пландарын айтты. Мен бир эмес эки жолу сурадым: “Артың тазабы?”,- деп. “Жок мен эч кандай эч нерсем жок, артым таза”,- деди. Бирок курулуш тармагында иштеген экен. Бирок ал мага «адвокат аялды тоголото урдум эле. Артымда бир батир боюнча талаш ишим бар эле» деп айткан эмес. Мунун баары кеч билинди. Мен өз оюмду баракчама жазып койдум. Аял кишини урган моралдык жактан да туура эмес. Репутациясы бузулган адам мамлекеттик кызматтарга барбашы керек. Эртеси башка мэр барып отуруп калды»,- деди ал.