Садыр Жапаров хоккей боюнча улуттук курама команда мүчөлөрүнө акча сертификаттарын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама команда мүчөлөрүнө акча сертификаттарын тапшырды.

Мамлекет башчысы спортчуларды куттуктап жатып, үч жылдан бери талыкпай машыгып, максатына жетүү жолунда кыйынчылыктарды жеңген Кыргыз курама командасы Түркияда өткөн хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта тарыхый жеңишке жетишкенин белгиледи.

«Албетте, мындай жетишкендиктердин артында талыкпай машыгуу, келечектеги жеңиштерге болгон ишеним жана ар тараптуу колдоо турат. Силердин өжөрлүгүңөрдүн, талыкпаган эмгегиңердин жана командалык духтун аркасында Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын экинчи дивизионунун «Б» тайпасына чыкты», — деп белгиледи президент.

Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы акчалай сертификаттарды тапшырды:

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчуларына — 600 миң сомдон, машыктыруучуларга — 800 миң сомдон, медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге — 200 миң сомдон берилди.