Садыр Жапаровдун уу-коргошунду жарнамалаган соцтармактагы посту өчүп калды

Президент Садыр Жапаровдун уу-коргошун тууралуу билдирүүсү менен аны жарнамалаган видеосу соцтармактагы баракчаларынан өчүп калды. 15-апрелде өлкө башчы кыргызстандык дарыгерлер коронавирусту 1-2 күндө айыктыра турган дары табышканын жазып, астына уу-коргошунду бөтөлкөгө куюп жаткан учурдан тасма илген.

«Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер коронавирусту бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты (видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот). Ошондуктан өз ден-соолугуңарга кайдыгер карабай дароо райондук же шаардык ооруканаларга кайрылгыла. Тез эле айыгып чыгасыздар», — деп жазган президент.

Кийинчерээк анын билдирүүсүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы колдоп, учурда Кыргызстанда коронавирустан жабыркап жаткандарга уу-коргошун берилип жатканын, анын дозасын президент өзү ченеп бергенин кошумчалаган.

Президент менен министрдин бул билдирүүлөрү коомчулукта чоң талкуу жараткан эле.