Садыр Жапаров иш сапары менен Будапештке барат

Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Уюмдун байкоочу өлкөсү — Мажарстанда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.