Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта иш сапары менен Түркмөнбашы (Түркмөнстан) шаарына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарынын эл аралык аэропортуна келип конуп, аны траптан Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чарымурад Пурчеков тосуп алган.

Эл аралык аба майданында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлгөн.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат жана мүчө-мамлекеттердин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.