Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 27-31-июлда Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат»,- деп айтылат маалыматта.