Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты.

2023-жылдын март айында Ысык-Көл облусунда Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү иштеп баштаган. Ал чек арачылардын эски казармасынын толугу менен оңдолгон имаратында ачылган. Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган обьектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өттү.

Бул каражаттарга имараттын реконструкциясынан тышкары сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери толук жаңыланды, санариптик программалар судьялардын жана сот приставдарынын ишине интеграцияланды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана улгайган адамдардын сот органдарына кайрылуусу үчүн шарттар түзүлдү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстанда көз карандысыз сот адилеттигинин тутуму орноп, жарандардын жана бизнестин укуктарын тийиштүү деңгээлде корголушу керектигин баса белгиледи.

“Биз менчиктин кол тийбестигине кепилдик беришибиз керек, соттук коргоо жеткиликтүү, ал эми сот системасы ачык-айкын болушу зарыл. Акыркы бир жарым жылда жүргүзүлүп жаткан бардык сот реформаларынын негизги максаты дал ушунда», — деди Садыр Жапаров.