Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова соода борборлорунун бирине баш бакты

Бүгүн, 14-майда президент Садыр Жапаров менен анын жубайы Айгүл Жапарова Бишкектеги соода борборлорунун бирине барды. Күбөлөрдүн сүрөттөрүнө караганда, мамлекет башчы соода борбордо жүргөндөр менен баарлашып, тез татым жайдан түштөнгөн.