Садыр Жапаров жаңы «Ош базарынын» курулуш иштерин көрсөттү (видео)

Жаңы «Ош базарынын» курулуш иштери сапаттуу жана кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жазып, видео менен бөлүштү.

«Кудай буюрса, келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, бардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла башташат», — деп жазды ал.