Садыр Жапаров жөлөк пулду 3 миң сомдон кылат деген маалымат — калп

Президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк кирешесин эсепке албастан 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сом көлөмүндө жөлөкпул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтин айтымында, социалдык тармактарда жана WhatsApp тиркемеси аркылуу президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк кирешесин эсепке албастан 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сомдон жөлөк пул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат активдүү тарап жаткан.

«Бул маалыматка байланыштуу министрлик жарандарды туура эмес маалыматты жайылтпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат»,-деп айтылат маалыматта.