Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен президенттик балатыга катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда жубайы Айгүл Жапарова менен балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышты.

Мамлекет башчысынын президенттик балатыда сүйлөгөн сөзү:

«Узап бара жаткан жылда республиканын мектеп окуучуларынын химия, математика, физика боюнча түрдүү эл аралык олимпиадалардагы жеңиштери баарыбызды абдан кубандырды. Дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашык мектептен 10 миң окуучу катышкан Улуу Британиядагы биология олимпиадасында биздин окуучулар 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга, жалпысы 14 медалга ээ болушту. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Уфа шаарында өткөн тогузунчу эл аралык мектеп спартакиадасына катышкан 400дөн ашуун мектеп окуучуларынын ичинен жаш баскетболчуларыбыз байгелүү орун ээлеп, жеңишти камсыздай алышты.

Бүгүнкү күндө КОВИДден кийинки мезгил деп аталган жаңы реалдуулук пайда болуп, дүйнөдө биринчи кезекте билим берүү секторун санариптик технологияларга өтүүгө, STEM предметтерин изилдөөгө, табигый илимдерге, технология, инженерия жана математикага басым жасоого алып келди. Силер жакшы билгендей, IT-технологиялары келечектүү тармакка айланды. Ошентип санариптештирүү биздин жашообуздун бардык чөйрөлөрүн камтыды.

Мындай ыкчам өзгөрүүлөрдүн, инновациялык долбоорлордун доору билимге терең маани берүүнү, талбай окууну, жоопкерчиликти сезе билүүнү талап кылууда! Ошондуктан алдыңарга жаңы-жаңы максаттарды коюп, билим берүү тармагындагы ыкчам өнүгүп жаткан жетишкендиктерден артта калбай, дүйнөлүк процесстерге батыл аралашууга умтулууңар кажет!

2023-жыл ар бир окуучу үчүн чоң-чоң жетишкендиктердин жылы болсун!

Жаңы жылыңар менен кымбаттуу жеткинчектер!».