Садыр Жапаров жубайы менен Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.