Садыр Жапаров Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-октябрда Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Бны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы.

Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат»,- деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 28-октябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дайынсыз болуп жаткан жарандын карындашы Жибек Самарбекова менен байланышканыбызда, издөө иштеринен майнап чыкпай жатканын билдирген.

«Экөө мал кайтарууга кетишкен. Биз мал кайтарып жүрөт го дегенбиз. Акыркы жолу байланышка 16-октябрда 19:47 чамасында чыккан. Ошол бойдон эч ким байланыша алган эмес. Жайлоого барган жарандар малын көрүшүптүр, бирок эч жаман ойлору жок эле, «малы жүрсө, өзүлөрү деле жүрөт» да дешиптир. Кийин минген атынын өлүгү суудан табылды. 

ӨКМ кызматкерлери издеп жатат. Аларга нааразы эмеспиз, бирок шаймандары жок издеп жатышат. Биз ӨКМден дрон, кайык менен издеп берүүсүн суранабыз. Водолаздарды да жөнөтүшсө жакшы болмок»,- деген ал.