Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Мамлекет башчысы “Акылман” Президенттик лицейинде окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чарага катышып, лицейдин окуучуларын куттуктап, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт. Жумуш сапарынын жүрүшүндө Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземине да катышат, “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу борборго барат, “Аврора” санаторийинин аймагындагы коттедждик шаарчанын курулушунун жүрүшү менен таанышат жана Балыкчы шаарында этти кайра иштетүүчү заводду ачат.