Садыр Жапаров «Жыргалаң» санаторийине барды. Санаторийдин мурдагы жана азыркы абалы (видео)

default

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн «Жыргалаң» санаторийине барды.

«Жыргалаң» санаторийи 1964-жылы курулган, сөөк-булчуң системасы, нерв жана гинекологиялык оорулар менен ооругандарды дарылоого адистешкен. Негизги дарылоочу фактор болуп суунун температурасы +40…+43 °C болгон минералдык суулар эсептелет. Көп жылдар бою санаторий профсоюздар федерациясынын балансында турган жана жараксыз абалга келген, ал эми 1995-жылы санаторийдин тазалоочу курулмалары эскирип, талаптарга жооп берген эмес. Ошондон бери ал жерде эч кандай реконструкция, модернизация жүргүзүлгөн эмес.

2023-жылы санаторий президенттин иш башкармалыгынын балансына берилген жана бул жерде курулуш иштери башталган. Бүгүнкү күндө 37 коттедждин (2 бөлмөлүү) жана 4 үч кабаттуу корпустун курулушу аяктады. Санаторийдин аймагында 6 жаңы бассейн (анын ичинен 2 балдар үчүн), ашкана жана административдик корпус курулган.

Ушул эле жерде санаторийдин аймагында мамлекет башчысы көчмө жыйын өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө президент профсоюздар федерациясынын жетекчилигин анын балансында турган санаториялык-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкаргандыгы үчүн катуу сынга алды.

Садыр Жапаров профсоюздар федерациясы акыркы 30 жылда санаторий, курорттук жана туристтик объектилерди өнүктүрүүдө жана колдоодо эч кандай маанилүү натыйжаларга жетише албаганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул объектилердин басымдуу бөлүгү кыйроо абалында турат, көбү сатылып кеткен, бул алардын инфраструктурасына жана тейлөө сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Ошол эле учурда профсоюздар федерациясына жыл сайын 600 миллион сомго жакын бөлүнсө, акыркы 30 жылда жалпысынан 6,5 миллиард сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 миллион сомдон балдар лагерлериндеги балдардын ден соолугун чыңдоого каражаттар бөлүнүп турган.

Садыр Жапаров жаңыланган «Жыргалаң» курортун капиталдык оңдоп-түзөөгө жана курууга 150 миллион сомго жакын каражат сарпталганын, профсоюздар федерациясы иштеген жылдар бою алар тараптан бир дагы жаңы объект курулбаганын же болгон объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөнүн белгиледи.