Садыр Жапаров камактан бошоткондор кандай кылмыштар менен камалгандар?

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы төрагасы Аскат Эгембердиев Садыр Жапаров ырайым берген жарандар кандай жазалар менен камалгандыгы тууралуу маалымат берди.

“Ырайым берилгендер өтө чоң эмес кылмыш кылгандар: уурулук, бейбаштык, баңгизатын сактоо жана башка беренелер боюнча жаза өтөп жаткандар” деди ал.

Ноябрда айында Садыр Жапаровдун буйругу менен камакта отурган 230 адамга ырайым берилип, 38 кылмышкердин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.