Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды.
Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилген. Аталган комплексте узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган.
Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 31-январында дарылоо-ден соолук чыңдоо комплекси президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилген. Ушундан соң курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган. Президент дарылоо-ден соолук чыңдоо комплексин кыдыруу учурунда санаторийдин 6 айдын ичинде коттедждер оңдолуп, эмеректери жана электр жабдуулары жаңыланган биринчи бөлүгүн көрүп чыкты. Анда ошондой эле электр жарыгы жана интернет кошулуп, радондук сантехника калыбына келтирилген. Ар бир бөлмөдө смарт-ачкычтар орнотулган. Ашканасы жаңы жабдуулар менен модернизацияланды. Мындан тышкары тейлөөчү кызматкерлер үчүн имарат курулган. Бардык ички жолдору асфальтталып, тротуардык такта төшөлгөн. Куураган бак-дарактардын ордуна арча, Тянь-Шань карагайы, гүлдөр отургузулган. Аянт көрктөндүрүлгөн.
Комплекстин экинчи бөлүгүнөн мамлекет башчысы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышты. Имараттын ичинде желдетүү тутуму орнотулган. Мындан тышкары каньондон комплекске чейинки жол дагы асфальтталды.