Садыр Жапаров Каракол шаарында Кыргызстандын чыгаан инсандарынын эстеликтерине гүл койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Каракол шаарынын  борбордук аянтында чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын  негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган.

Өлкөнүн үч көрүнүктүү тарыхый инсанынын 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулган.

Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айтты.

Анын айтымында, Жусуп Абдрахманов катышкан кайсыл гана окуя болбосун бардыгында кыргыз эли, кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу сөз кылып, анын көпчүлүк ойлору азыркыга чейин өз актуалдуулугун жогото элек. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү учурундагы  өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүн негиздөөчү аталарыбыздын бири Жусуп Абдрахмановдун кыял-тилеги, келечектеги кыргыз улутун түзүүдөгү моделин Манас-атанын кыял-тилегине дал келген, аны уланткан модель деп айтсак болот.