Садыр Жапаров: «Караколдогу аэропорт июнда ишке берилет» (видео)

Каракол аэропорту жаңы салынып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.

«Иш кызуу жүрүүдө. Кудай буюрса, июнь айында ишке берилет. Эл аралык аэропорт болот. Бул аэропорт бүтөөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Чаткал, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды активдүү учурабыз. Аларды аткарууга жакында эки учак келет», — деди ал.