Садыр Жапаров Каркыра жайлоосуна тик учак менен барган видео тарады

Бүгүн, 6-декабрда социалдык тармактын колдонуучулары видео менен бөлүшүп, Садыр Жапаровдун Каркыра жайлоосуна тик учакта барганын жазышты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкө башчысы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосуна лыжа базасынын курулушуна капсула салганы барганын жазышты. Бул тууралуу мааламатты президенттин администрациясынан берише элек.