Жапаров Токаевге аскер бөлүгүндөгү жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргыз элинин жана өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тез сакайып кетүүнү каалайм. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Кечээ, 26-августта кечинде Жамбыл облусунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампасында жарылуу болгон. Ал эми бүгүн, 27-августта анын кесепетинен 4 аскер кызматкери каза болгону маалым болду.