Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кечээ, 11-июнда президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.