Президент Садыр Жапаров Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешин көрүп жатат.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин берген маалыматына ылайык, Катардын эмири Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешине чакырган.