Садыр Жапаров казак акынына убада кылган аргымакты тапшырды (видео)

Президент тартуулаган аргымак казак акынына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

13-августта өткөн көк бөрү боюнча чемпиондукта президент Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев улуу өнөрдү алып жүргөн казак акынына президенттин атынан аргымакты тапшырды.