Садыр Жапаров өз кезегинде Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл боордош казак элине жогорку баа үчүн ыраазычылык билдирип, І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечимин Кыргызстанга жана кыргыз элине карата өзгөчө сый-урмат катары көрөрүн белгилеп өттү. Кыргызстандын президенти баса белгилегендей, І даражадагы «Достык» ордени эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин, жөнгө салынган союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырастайт.
Президенттин Ош облусундагы өкүлү сөгүш алды
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевге сөгүш берилди. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке...