Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун ачты

Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун ачты.

Мамлекет башчысы көк бөрү оюну Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирип, эл аралык деңгээлдеги спорттун түрү экенин тастыктаганын, оюндун географиясы кеңейгенин эске салды. Президент эл аралык мелдештин катышуучуларына эр оюнда өздөрүнүн күчүн, майтарылгыс эркин, мыкты чеберчилигин көрсөтүп ийгиликке жетишин, оюндардын жаракатсыз өтүшүн каалады.