Садыр Жапаров космонавт Салижан Шариповду юбилейи менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт Салижан Шариповго 60 жаш мааракесине карата куттуктоо кат жолдоду.

Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканканы айтылат. “Ошол кыялды андан 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. “Туулган жердин топурагы алтын” деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын тунгуч космонавты – кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти”, — деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Совет мезгилинде космостук аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасаган республика катары космостук программанын бараандуу өкүлү болуу менен сыймыктанганын баса белгилеп өттү.