Садыр Жапаров куткаруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу иш-чарасына катышты.

Ал Түркиядагы жер титирөөнүн очогунда адам өмүрлөрүн ажалдан арачалап калган кайраты күч, эрки бекем куткаруучуларга каармандыгы менен эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы жөн жата албай, колдон келген жардамын чогултуп, түрк боордошторго байма-бай жолдогон мекендештерибизди белгилеп өтүп, ыраазычылыгын айтты.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган куткаруучулардын тизмеси.