Садыр Жапаров: «Кыргызстанда биринчи жолу ири жолдор ата мекендик куруучулар тарабынан ишке ашып жатат»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Жолдордун абалы – бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Сиздердин чаалыкпас эмгегиңиздер менен Ош – Бишкек, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Эркечтам – Карамык, Бишкек – Нарын – Торугарт, Талас – Тараз – Суусамыр жана башка транспорттук коридорлор курулуп, пайдаланууга берилгенин баса белгилеп кетүү зарыл.

Биз сиздердей кесипкөй адистерибиз турганда өз жолубузду өзүбүз куруп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз алдынча бет алып кетерибизге толук ишеним бар.

Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолдору курулууда.

Ошондой эле, инвестициялык долбоорлордун эсебинен Бишкек-Ош унаа жолунун Жалал-Абад – Маданият тилкеси, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу, Түп – Кеген жана Корумду – Балбай баатыр автожолдорунун курулушу ишке ашырылып жатат.

Жалпы эле транспорт инфратүзүмүн өркүндөтүү маселелери социалдык-экономикалык жана саясий милдеттердин бири катары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган. Мындан улам, бүгүнкү күндө транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп, өлкөнүн кан тамыры болгон жолдорубуз жакшырууда. Алгачкы жолу стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ата мекендик куруучулар тарабынан ишке ашырылып жатканы абдан кубандырат. Чек ара аймактарында жашаган калкыбыздын транспорттук коопсуздугун камсыздоо маселелери да колго алынган»,- деп айтылат маалыматта.